Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Futureleaderskg

«Өкмөттү таркатуу тууралу ушактар министрлер кабинетинин башчысын ал дайындалган күндөн баштап коштоп келе  жатат»

Абылгазиевдин маалымат катчысы аларга көңүл буруунун кажети жок деп билдирди 

Өкмөттү таркатуу тууралу ушактар премьер - министр Мухаммедкалый Абылгазиевди ал кызматка жаңы киришкен күндөн баштап коштоп келет, ошондуктан аларга көңүл буруунун кажети жок. Бул тууралу Vesti.kg сайтына премьер - министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди. 

- Мындай ушактар премьер - министрди бул кызматка киришкенден баштап коштоп келе жатат, жана кимдир - бирөөлөр тарабынан ойлонулуп табылган мындай «жаңылыктарга»  дайыма көңүл буруу жана аларды четке кагуу - таптакыр маанисиз иш, - деди ал. - Болгону, премьер - министр баш болгон министрлер кабинети бекитилген иш графигине ылайык күндөлүк жумуштары менен алек.

Жеке булактарыбыз Vesti.kg сайтына 2019-жылдын күзүндө өкмөт отставкага кетет деп кабарлашкан. Андан тышкары, жаңы премьер - министр болуп Канатбек Исаев дайындалышы мүмкүн деп эсептешет. 

Медина Купсулдаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх