Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыскелди Момбеков менен болгон сотто жеңип алган Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин мурдагы башчысы, утуп алган акчаны кайрымдуулукка жумшаганы жатат

Мурдагы аткаминер миллион сомго доо арыз жазган, бирок, ага 25 миң гана өндүрүп берүү каралган

Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин мурдагы башчысы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго каршы соттон утуп алды. Аткаминер парламентарийди анын ар намысына жана абийирине шек келтирген деп күнөөлөгөн. 

Сокулук райондук соту Момбековду Шаршембиевге 25 миң сом төлөп берүүгө милттендиргендиги боюнча, мурдараак белгилүү болгон.  

МБжМТКнин мурдагы башчысы  Vesti.kg сайтынын, зыяндын суммасы менен макулсузбу жана каражатты кандай максатта колдонгону жатасыз дегенине жооп берди.  

- Мен өзүм соттук процесске катышканым жок, бирок, депутаттын чечимге макул эмес жана Соттор Кеңешине арыз беремин дегенин ЖМКлардан билдим, - деп айтты Бакыт Нуржанович. - Ал эми зыяндан түшкөн каражат боюнча, башында мен миллион сомго доо арызды берген болчумун. Ал каражаттан мага бир тыйын да кереги жок, мен ал каражаттын бардыгын балдар онкологиясына котормок элем.

Эске салсак, Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин мурдагы башчысы доо арызды 2019-жылдын октоябрь айында берген. Ага депутат Рыскелди Момбековдун, аны 9 кылмыш ишинин фигуранты деп атаганы себеп болгон. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх