Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Республикачыл» Атамбаевге: Биз сизге тийишпесек деле, сиз Бабановду каралоону токтотпой жатасыз

Канат Мидин уулу, мурдагы президенттин мүнөт сайын мамлекет башчысы болгусу келип жаткандыгы тууралу ойлогондугун боолголойт

«Республика» партиясында Алмазбек Атамбаевдин Өмүрбек Бабановдун дарегине айтып жаткан «булганыч сөздөрүнө» көнүл бурууну өздөрүнүн абийиринен төмөн көрүшөт. Бирок, анын кийинки ушундай кадамдары жоопсуз калбайт. Мурдагы мамлекет башчысынын сындарына саясий бирикменин мүчөсү  Канат Мидин уулу ушундай жооп берди. 

Саясатчы өзүнүн Facebookтагы баракчасында өз кайрылуусун жарыялады. 

«Сиз Канттагы авиабаза аркылуу Кыргызстанга кайтып келип, «Өмүрбек Токтогулович президентикке талапкер катары коңшу өлкөгө, бата сурап алуу үчүн, а мүмкүн, бата сурап гана эмес, мен муну туура эмес деп эсептеймин», - деп билдиргенсиз. Качантан бери, биз сизге тийишпей эле келе жатсак, мындайды жоркту абийирибизден төмөн катары эсептесек, сиз Өмүрбек Токтогулович Бабановду каралоону токтотпой жатасыз. Так ошон үчүн бүгүн мен сизге кайрылып жатамын, - деп жазды  Канат Мидин уулу.

Менин байкашымча, сиз өзүңүздү кудай ойлоп алгансыз - сиз гана башкаларды каралап, аларга катуу сүйлөп жана сөгө аласыз. Биз ойлодук эле, сиздин бул эң төмөнкү баскычтагы мүнөзүңүздү президенттик кызматыңыз менен калтырдыңыз деп, бирок, биз адашыппыз. 

Сиз айтып жатасыз, Бабанов Казакстандын президенти Назарбаев менен жолугушканы бата алуу үчүн гана эмес, дагы бир нерселерге жакындатып, менимче, финансы маселесине буруп. Сиз, мүмкүн, бардыгын өзүңүз сыяктуу көрсөңүз керек. Бирок, мен сизди капалантат окшоймун - бардыгы эле сиздей эмес.

Сиз Бабановдун жолугушуусуна чейин эле Казакстан менен мамилебизди бузгансыз, андан ары кризиске жеткирдиңиз. Жөнөкөй элдер жана ишкерлер андан жабыр тартышты! Өмүрбек Токтогулович, так ушул маселелерди чечип жаткан. Президенттикке талапкер качан күчтүү болгондо,  өнөктөш-мамлекеттердин жетекчилери жолугушканга аракеттенишет жана мамилени жолго салышат. Так ошол үчүн Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Токтогуловичти жолугушууга чакырган. Ал эми жолугушууда болсо, сөз жалгыз, мамлекеттер аралык эки тараптуу мамилени жакшыртуу тууралу болгон.  

Бир мүнөткө элестетип көрүңүздөр (бирок, сиздер муну ар мүнөт сайын эң сонун жасай аласыздар), сиз азыр президентсиңиз. Эгерде, сиздин оппонентиңиз, Путин менен жолугушууга жөнөсө, сиз эмне кылмак элеңиз? Сиз менен бизге муну элестетүү оңой эле болсо керек: сиз, аны каралап, булганыч сөздөрдүн баарын колдонуп, өзүңүздүн КТРК, УКМК, Башкы прокуратураны толук иштетип, андай адамды «мекендин саткынчысы жана чыккынчысы» деп сөгөт элеңиз. Сиз болгондо да, менимче, Россия менен болгон мамилени да бузмаксыз. Сиз башка бир өлкөнүн жетекчиси менен жолугушууга, сизди Кыргызстанда бир дагы саясатчы колдобой жаткан убакытта бардыңыз. 

Ошол эле учурда, өзүнүздүн ушул жоругуңуздун арты кандай болбот, билбей туруп, актанып, кайрадан эле Бабановду ушактап жаттыңыз. 

Анын үстүнө, сиз, азыркы мезгилде айтканга болбой турганды сүйлөп, мен азыр президенттикке талапкер эмесмин дедиңиз. Мен сиздин эсиңизге саламын: сиз өзүңүздү тандалгандарданмын деп эсептейсиз. Сизге мүмкүн, а башкаларга болбойбу! 

Эки жүздүүлүктүн кезектеги тастыктамасы. Анан Бабановдун жолугушуусу. Кандай айырма? 

Эске алыңыз, эгер биз сиздин мындай булганыч сөздөрүнүзгө көңүл бурсак, анда муну биз өз абийирибизден төмөн көрөбүз. Бирок, сиздин «Республика» партиясынын жетекчилеринин жана тарапташтарынын дарегине мындан ары асылганыңыз жөн калбайт».

Эске салсак, 24 - июлда кыргызстандын мурдагы президенти  Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада жолугушкан. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх