Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытай компаниясы Солтон-Сарыдагы малдын өлүмү үчүн компенсация төлөп берет 

ӨЖЭЖБМКнин төрагасы обьектти өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды 

Солтон-Сары алтын кенин иштеткен - Jhong ji Mining кытай компаниясы - малдырдын кырылгандыгына байланыштуу жергиликтүү калкка компенсация төлөп берет. Бул тууралу Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын колдонуу мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, ӨЖЭЖБМКнин төрагасы Эмил Осмонбетов Jhong ji Mining компаниясынын жетекчилигинен,  компания тууралу жакшы имидждин түзүлүшү үчүн жергиликтүү жашоочуларга малдын кырылгандыгына байланыштуу компенсация төлөп берүү  маселесин чечүүнү өтүнгөн. Кен иштетүүчүлөр макул болушкан. 

Мурдараак, атайын комиссия Солтон-Сары кениндеги малдын кырылгандыгы боюнча бир канча лабораториялык экспертизаларды жүргүзгөндүгү кабарланган. 

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын башчысы Калыс Жумакановдун айтымында, жер кыртышында жана сууда адамдардын жана малдын ден-соолугуна залал келтирген эч кандай зыяндуу нерселер табылган эмес.  

Жергиликтүү жашоочуларга кытайлык компанияны жардыруу иштеринин мезгилдүүлүгүн өзгөртүшүнө ылайык алдын ала эскертишкендигин кабарлашкан.

Заряддарды иштетүү үчүн сериялык төмөндөткүчү менен детонаторлорду колдонгондо, сейсмикалык таасирлер менен жардыруу иштериндеги тоо массасынын чачыроосун жокко чыгарат. 

Жардыруу иштери жумасына 2-3 жолудан ашык жүргүзүлбөйт. Андан тышкары, компания боло турган жардыруу иштеринин алдынан жергиликтүү жашоочуларды маалымдандырууну мойнуна алган. 

Эмиль Осмонбетов Солтон-Сары кенин өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды. 

Эске салабыз, Vesti.kg сайтында Нарын облусунун жашоочулары күчтүү жардыруудан кийин малдын кырылганынан кыжалат болушкандыгы айтылган. 

Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчылыгынан Vesti.kg сайтына бул маалыматтын чындыкка дал келбей тургандыгына ишендиришти. Ал жактан малдын өлүмүнүн себептерин тактап жатышкандыктарын жана бул жерде кытай компаниясынын эч кандай тиешеси жоктугуна ишендиришти. 

Кийинчерээк, Санитардык жана эпидемиологиялык мамлекеттик кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков мал Солтон-Сарыда паразиттердин аркасынан өлгөндүгүн кабарлаган. 

ӨЖЭЖБМКнин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх