Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчы Көлбаев Чолпон-Атада өзүнүн юбилейин белгиледиби?

Кабарлашкандай, «мыйзамдагы уурунун» 45 жашка толгондугун куттуктоого аз эмес жогору даражалуу меймандар келишкен  

Криминалдык төбөл Камчы Көлбаев өз юбилейин кичи мекенинде - Чолпон-аАтада белгиледи. Ушундай маалыматтар социалдык түйүндөрдө таркатылууда. 

«Мыйзамдагы ууру» 45 жашка толду.  

Журналист Махинур Ниязова өзүнүн Twitter баракчасынан кабарлагандай, криминалдык төбөл бул күнү кеңири майрам уюштурду. Ал Көлбаевди куттуктаганы келген көптөгөн жогору даражалуу меймандардын келгенин баяндаган автордун катышууусу менен жарыяланган макала менен бөлүштү. 

Журналистин өзү яхт-клубда Искендер Матраимовду көргөндүгүн белгиледи. 

«Чет өлкөдө эмес, Кыргызстанда эс алып жатат», - деп белгиледи ал.   

Түйүндүн колдонуучулары, Чолпон-Атадагы милиционерлердин көбөйүп кеткендигинин себеби, ушул болсо керек деп боолголоп жатышты. 

ИИМде жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан бул маселени Vesti.kg сайтына чечмелеп берүүдөн баш тартышты. 

Алина Ормонова

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх