Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министри кол алдында иштеген айымды ачык эле колдойбу?

Мекеменин башчысы, аны чет өлкөгө жөнөтүү үчүн, эч негизсиз, бөлүм башчысынын кызматын министрдин орун басарлык кызматына теңеген, - дейт мекендешибиз

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев мекеменин бөлүмдөрүнүн биринин башчысы Анаркүл Беккулиевага ачыктан-ачык колдоо көрсөтөт. Андан да өзгөчөлөнгөнү - анын ал аял менен роман курганы. Ушундай маалыматтар социалдык түйүндө таркады. 

«Бул роман чексиз бир убакытка созулуп кете бермек, эгерде, анын артынан эл аралык чуу чыгып кетпегенде, - деп жазган ал. - Жакында Беккулиева Кытайга эл аралык жарманкеге жөнөп жаткан, бирок, көйгөй ушул жерден чыкты, кабыл алып жаткан тарап барыш-келиш, жашай турган жери жана башка чыгымдардын бардыгын, эгерде бара турган аткаминер эң азындан министрдин орун басары кызматында болсо гана, өзү алышы керек эле. Ушул жерде Чодуев, өз адамын колдоо менен, ал аялга керек болгон кагазды даярдап берүүнү тапшырган. Ошол себептен, экспорт бөлүмүнүн башчысы анын кызматы, мекеменин жетекчисинин орун басарынын кызматына теңелет деген  кагазды алат. Нонсенс!»

здесь будет скрин поста

Маалыматтын автору, аталган справканы мааалыматка кошо тиркеген, анда, Анаркүл Беккулиева, чындыгында,  «министрдин орун басары чениндеги» азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлейт деп, министрдин орун басары Амангелди Исаев тарабынан документке кол коюлган. 

здесь будет фото документа

Колдонуучуда мындай маалыматтардын кайдан пайда болгондугу тууралу эч нерсе белгисиз. 

Айыл чарба министрлигинен Vesti.kg сайтына, аталган маселе боюнча комиссия түзүлгөн деп жооп беришти. 

- Комиссиянын башында Нурмат Муллакелдиев турат, - деп айтышты маалымат катчылыгынан. Алар азыр ушундай справка берүүнүн укуктук ченемдери  боюнча иштеп жатышат. Чындыгында эле ушундай буйрук чыкканбы, ким тарабынан жана башка ушуга тийиштүү маселелер. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү таркатабыз. 

Медина Купсулдаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх