Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева өкмөттү Солтон-Сарыдагы өрт өчүргүчтөргө салыштырды 

Эл өкүлү, кенди иштетүү боюнча лицензиялардын берилишин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу менен биргеликте талкуулоо керек деп эсептейт 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, эгерде, Солтон-Сарыда абал турукташпаса,  кезексиз жыйынды уюштурушу зарыл. Бул тууралу Vesti.kg сайтына депутат Элвира Сурабалдиева кабарлады. 

- Ички иштер министри башында турган өкмөттүн өкүлдөрү Солтон-Сарыга жөнөп кетишти, - деди Сурабалдиева. - Көрө жатарбыз, мунун баары эмнеге алып келет. Албетте, парламент четте калбайт. Бийлик Солтон-Сарыдагы абалды жөнгө келтирүү боюнча бардык кадамдарды жасайт. Эгерде, эки тарап бир чечимге келишпесе, анда, кезексиз жыйын чакыруу менен, ал чечимди төрага кабыл алышы  керек.  

Парламентарийдин айтымында, өкмөт өрт өчүргүчтөрдүн ролунда болуп жатат, себеби, алар өрт чыккандан кийин гана көйгөйлөрдү чечишүүдө. Андан тышкары, ал чет өлкөлүк компаниялар үчүн лицензияларды алууга байланышкан маселелерди жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу менен талкуулашы керек. 

- Акыркы бир канча жылдан бери лицензиялар ар кандай берилип келген, - деп белгиледи ал. - Мен ар дайым ишкерлерди коргоп келемин, себеби, алар салык төлөшөт. Лицензияны алуу маселеси жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу менен биргеликте чечилиши керек. УКМК кай жакта болгон? Эмне үчүн булардын бардыгын көйгөй пайда болгон учурдан кийин чечип баштайбыз? 

Кечээ жакында Нарын облусунун Солтон-Сары кен иштеткен жеринде жергиликтүү калк менен кытайлык жумушчулардын ортосунда кезектеги чатак чыккан. 

ИИМдин маалыматы боюнча эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан. Учурда алар белгилегендей, кен иштеткен жердеги абал көзөмөл алдында. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх