Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованын туугандарын, анын туулган күнүндө №1 тергөө абагына киргизбей жатышат

Мурдагы башкы прокурорду куттуктоо мүмкүнчүлүгү Жогорку Кеңештин депутаттарына гана буйурду 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын туулган күнүндө анын туугандарын №1 тергөө абагына киргизбей жатышат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын сиңдиси Надира Астапаева кабарлады. 

- Биз 47 аппак розадан турган букет алып келгенбиз, бирок, бизди киргизбей жатышат, - деди ал. - Тергөө абагынын кызматкерлери аркылуу да бере албай жатабыз. Азыр күтүп жатабыз, баары бир, биздин белегибизди ага жеткиришет деген үмүттөбүз. 

Мурдагы башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянова бүгүн 47 жашка толду. Аны куттуктоо үчүн мурдагы кесиптештери Наталья Никитенко менен Каныбек Иманалиевдер келишкен. 

- Биз Аида Жеңишбековна менен жолуктук, ага гүл жана торт белекке бердик, - деди Vesti.kg сайтына Иманалиев. - Ал өзүнүн абалын канчалык жашырса да, анын ден-соолук абалы өтө жаман. Жакынкы күндөрү биз, медициналык изилдөө жүргүзүү жөнүндө кайрадан маселе көтөрөбүз.

Эске салсак, Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх