Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Солтон-Сарыдагы чатакка оппозиционерлердин да тиешеси бар болушу мүмкүн» 

Эксперттердин айтымында, абал инвестициялык климатка чоң кесепет келтирет 

Солтон-Сары кен иштеткен жериндеги чатакташкан абалга азыркы бийликке оппозициялык көз карашта болгон адамдардын тиешеси болушу мүмкүн. Ушундай божомолдор менен Vesti.kg сайтына белгилүү саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү. 

 - Алтынды жалгыз өздөрү иштетип келген Эмгекчил айылынын жашоочулары, бул жерге кытайлардын келип иштегенин жактырышпайт, - деп түшүндүрдү ал. - Нарындагы кен иштеткен жерлерде, аларга кытайлыктардын атаандаш болушу такыр эле кызыксыз. Бирок, бул атаандашуунун артында, азыркы бийликке оппозициялык маанайдагы адамдардын турушу толук мүмкүн. Кытайлыктар менен келишим Атамбаевдин маалында эле түзүлсө да, азыркы аракетттеги бийликти күнөөлөп жатышат. Ага, кыргыз-кытай мамилелерин бузбаганга кызыкдар болгон дүйнөлүк деңгээлдеги оюнчуну да кошобуз. Бул деген, көп катмарлуу кызыкчылыктар, ошондуктан, мында аралашып кеткен күчтөрдүн кызыкчылыктары тизилип турат десек болчудай

Андан дагы, жакындап келе жаткан парламенттик шайлоолорду да эстен чыгарбашыбыз керек.

- Башында элди буга тартып аралаштыруу кытайлыктарга каршы мүнөздө башталышы мүмкүн, - деп белгиледи ал. - Андан соң муну такыр башка багыттарда колдоно берсе болот. 

Чырдын мындан ары да өрчүп кетишинин алдын алууда жергиликтүү элдин нараазылыктарын пайда кылган көйгөйлөрдүн чыныгы себептерин аныктоо керек: малдын кырылышы, айылдыктардын алсыздыкты сезгендери. Эксперт бул жерде провокация болгондугун да четке какпайт. 

- Чындыгында эле вакцинацияны убагында жасашпагандыгын такташ керек, - деп белгиледи ал. - Бирок, мындай болгон учурда шектүү болуп калат, себеби, андай болсо малдын кырылышы көпкө чейин созулмак. Бул жерде, кыргыз-кытай мамилелерине кызыкдар болбогон, үчүнчү жактын провокациясы болушу мүмкүн. Мүмкүн бактерологиялык курал колдонушкан. Булардын баары такталмайынча, бирдеме деп айтуу кыйын. 

Эмнелер гана болбосун, аталган чыр Кыргызстандын инвестициялык климатына өтө чоң кесепеттерин тийгизет, - деп көрсөттү Марс Сариев.

- Бул түзүлгөн абалга чейин, Кумтөрдө, Жерүйдө уран менен чырлар чыккан. Мындан башка, дагы кантип инвесторлорду коркутууга болот, - деди ал. - Кытай менен кызматташууга чоң үмүттөр бар болчу. ШКУнун алкагындагы келишимдер. 

Экономика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Аюпов, Солтон-Сарыдагы болуп жаткандар тууралу Vesti. kg сайтына сүйлөп жатып,  «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамын эске салды. 

- Ал жерде, инвестициялар үчүн эң жагымдуу шарттар түзүшү зарыл деген берене бар, - деп белгиледи ал. - Бизге кимдер гана инвестиция алып келбесин, өкмөт ал кенди сен иштет дегенден кийин, бардыгы мыйзамдын алкагында жүрүшү керек. Аларга иштегенге мүмкүнчүлүк берилиши керек, себеби, аларга мыйзам чегинде иштегенге уруксат берилген. Эгерде уруксат берилбеген болсо, анда башка сөз болмок. Мамлекет мыйзамга ылайык инвесторлорду коргошу зарыл.  

Солтон-Сары кениндеги чырлуу абалга байланыштуу Түйүндүн колдонуучулары да сарсанаа болушууда. Алар биринин артынан бири тартип бузуулардын себептеринин келип чыгышы жана аларды кантип болтурбай койсо болот эле деген маанидеги талкуулар менен бөлүшүшүүдө. 

здесь будут скрины 

Эсиңиздерге салабыз, кечээ эле Нарын облусунун Солтон-Сары кен иштеткен жеринде жергиликтүү калк менен кытайлыктардын ортосунда чыр тутанган. Тараптар бири-бирине таш ыргытып башташкан. 

Көргөндөрдүн айтымында, чет элдик жумушчулар биринчилерден болуп кол салышкан, бирок, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 20 кытайлык жумушчу баштарынан жаракат алышып, ооруканга түшүшкөн. Ал эми кыргызстандыктар болсо, болгону «тез жардамга» кайрылышып, кан басымынын жогорулап кеткендигине арызданышкан. Жаракаттар менен бирөө да кайрылган эмес. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх