Санариптештирүү. «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда E-gate системасы иштебейт
Ал эми КР Чек ара мамлекеттик кызматынан, көзөмөл - өткөрүүчү пункттун иштеп жаткандыгына жана ал жерде үзгүлтүктүн да өтө аз боло тургандыгына ишендиришти
Манас» аэропортунда жарандардын чек ара көзөмөлүнөн тез өткөрө турган E-gate системасы иштебейт. Бул тууралу Facebook социалдык түйүнүнөн мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева кабарлады.
«E-gate системасы аркылуу өткөрүшкөн жок, иштебейт, деп айтышты, - деп жазган ал. - Бардык #tazakoomду [бузуп салышкан], кургактатылган сифровизасия жылына жалаң сөгүнүүлөр. Раимдин жана чоң жалган айтуунун жылы деп аташ керек эле».
«Манас» аэропортунун маалымат кызматынан Vesti.kg сайтына, компания КР ЧАМКна көзөмөл-өткөрүүчү пункттагы көйгөйлөр тууралу өз убагында билдирип турарын кабарлашты.
- E-gate системасы менен иштөө КР мамлекеттик чек ара кызматынын ыйгарымында, - дешти ал жактан. - «МЭАА» ААК өз тарабынан электрондук көзөмөл-өткөрүүчү пунктундагы бузулуулулар болсо, КР Чек ара мамлекеттик кызматын дайыма кабарлап турушат.
Ошол эле учурда чек ара кызматынан системанын иштеп жаткандыгына ишендиришти.
- E-gate системасы иштеп жатат, кээде үзгүлтүккө учурайт, техника да, - дешти Чек ара мамлекеттик кызматынын маалымат катчылыгынан. - Эмне үчүн бул жолу маалыматтар эсептебей калган, териштирүү керек. Үзгүлтүк эмне себептен пайда болгондугу тууралу, кийинчерээк кабарлайбыз.
Зулайка Эркимбаева
Фото www