ЖЭБти модернизациялоо боюнча иш: Айбек Калиев жана Темирлан Бримкулов жаза мөөнөттөрүн толук бойдон өтөшөт
Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды
Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөттөрүн толук бойдон өтөшөт. Бул тууралу Super.kg порталы кабарлады.
Кечээ эле ушундай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.
Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик тартип бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Биринчи Май райондук сотунун 2019-жылдын 19-апрелиндеги өкүмү өзгөртүлгөн.
Экинчи инстациядагы сот Айбек Калиевден, Узак Кыдырбаевден жана Темирлан Бримкуловдон «Электр станциялары» ААКына келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 3 млн. 808 миң 702 сом жана «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКнун пайдасына - 1 млн 376 миң 682 сомду бардыгынан бирдей өндүрүүгө токтом чыгарды.
Айбек Калиев түзөтүүчү колонияда 2 жыл 6 ай өткөрөт, 1 миң эсептик көрсөткүчтөгү жаза же 100 миң сом төлөйт.
«Кыдырбаев сот залынан бошотулган, себеби, ал жаза мөөнөтүн толук аткарган, - дешти соттон. - Айбек Калиев менен Темирлан Бримкуловго байланыштуу Биринчи Май районук сотунун 2,5 жылга эркинен ажыратуу тууралу өкүмү өзгөртүүсүз калды. Күнөөлөнүп жаткан Айбек Калиевдин жактоочуларынын берген аппеляциялык арыздары канаатандырылган жок».
Буга чейин Бишкек шаардык соту Калиев, Кадырбаев жана Бримкулов менен бир иш боюнча өтүп жатышкан 4 адамды сот залынан бошотушкан.
Фото www