Солтон-Сарыдагы чатакташуу: Жергиликтүү калк премьер-министр менен жолугушууну талап кылышууда
Аймакта эки күн бою Интернет - байланыштын болбой жаткандыгын айтып жатышат
Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенин Zhong Ji Mining компаниясынын иштеткендигине каршы чыккан Нарын облусунун жашоочулары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келишин талап кылышууда.
Бул тууралу Facebook социалдык түйүнүнөн журналист Айбек Бекбосунов кабарлаган.
Анын айтымында, Долон ашуусунда азыр 8 боз үй тигилген.
«Аймакта эки күндөн бери интернет иштебей, бүгүнтөн баштап иштей баштады, - деп жазган журналист. - Чогулгандар таш ырыгытышкан жок, эмоцияларга берилишкен жок жана провокацияларга алдырышпайт. Кечээ күнү жолду жабабыз дешкен, бүгүн болсо, жыйын өткөрүп, мындан аркы кадамдар кандай боло тургандыгын талкуулайбыз дешүүдө. Кечке дейре миңден ашык адамдар чогулушат деп кабаланууда».
Учурда Солтон-Сарыда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдер жүрүшөт.
Эске салабыз, 2019-жылдын 5-августунда ал жерде, жергиликтүү калк менен Zhong Ji Mining компаниясынын арасында чатакташуу болуп өткөн. тараптар бири-бирине таш ыргытышып, КР Салматтыкты сактоо министрлиги 40 кытай жумушчуларынын жаракат алгандыгын кабарлаган.
Мурдараак, Солтон-Сары жайлоосунан алыс эмес жайгашкан айылдардын жашоочулары кен иштеткен жердеги иштердин айынан мал өлүп, балдар ооруп жаткандыгын билдиришкен. Компаниядан, буга алардын эч кандай тиешеси жоктугун айтышып, бирок, «компанияга оңдуу имиджди калыптандыруу үчүн» материалдык чыгымды төлөп берүүгө макул болушкан.
Зулайка Эркимбаева
Фото www