Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кримтөбөл Алмаз «Лимонти» Сулаймановду колония - күчтөп байыр алдыруучу жайга которушту

Эркиндиктен ажыратылган мөөнөтүнүн көпчүлүгүн ал олтуруп чыккан

УКТтун мүчөсү, «Лимонти» аттуу каймана атка ээ Алмаз Сулаймановду колония-күчтөп байыр алдыруучу жайга которушту. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ЖАМКтын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кримтөбөл Чүй облусунун Беловодск айылында жайгашкан №16 колонияда жазасын өтөп жаткан.

- Алмаз Сулаймановду колонияга өткөн жумада которушту, себеби, ал эркинен ажыратылган жазасынын көпчүлүк мөөнөтүн өлтуруп чыкты, - деп мекемеден маалымат беришти.

Алмаз «Лимонти» Сулайманов - Кыргызстандагы өтө белгилүү криминалдык төбөлдөрдүн бири. Ал кош адам өлтүрүү, мыкаачылык менен кол салуу жана акча талап кылуу беренелери менен соттолгон.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх