Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Кан төгүүнү токтоткула! 

Президенттикке мурдагы талапкер Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевге кайрылды 

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевге элдер менен укук коргоо органдарынын ортосундагы каршылык көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралу мурдагы саясатчы Instagram социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында жазды. 

«Кан төгүүнү токтоткула!

Урматтуу кыргызстандыктар, 

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Шаршенович!

Биздин Кыргызстаныбызда кайрадан трагедиялуу окуялар кайталанууда! Мен аракеттеги президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди элдер менен укук коргоо органдарынын ортосунда пайда болгон карама-каршылыктарды токтотууга чакырамын! 

Болуп жаткан окуялардагы бардык жоопкерчилик баары бир бийликке жүктөлөт. Тилекке каршы, курмандыктар бар. Учурда, чырдын уланып кетишине эч кандай мүмкүнчүлүк бербеш керек - ал жекече араздашуунун алкагынан чыгып кетти, жана жарандык карама-каршылыктарга алып барат. Муну жеринде токтотуу шарт! 

Биздин эл, Акаевди Аксы окуясынын 2002-жылдагы кан төгүүлөр үчүн, Бакиевди 2010-жылдагы Талас жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн эч качан кечирбейт! Трагедиялуу окуяларды токтотуу зарыл, жөнөкөй элибиз гана жапа чегүүдө!

Кой-Таштагы элдер менен атайын кызматтын кызматкерлери - бардыгы биздин жарандар, биздин уулдарыбыз, кыздарыбыз, карындаштарыбыз жана инилерибиз! Алардын тагдырын тобокелге салып, өлүмгө түрткөнүбүз туура эмес! Бул карама-каршылыктар дагы жаман болуп аякташы мүмкүн! 

Өз кызыкчылыктарыбыз үчүн элибизди жамандыкка түрткөнубүз жарабайт! Эч кандай кызмат орду бир тамчы канга да арзыбайт.

Мен, апрелде, өз элиме, мекениме келе албадым, себеби, ошондо эле провокация болот деп түшүнгөнмүн, мекендештеримдин арасында курмандыктар болот дегенмин. 

Азыр болсо, жаңылыктарды угуп, жаным эзилип кетүүдө… кантип мындайга жол берилди?!  Экөөнүздөрдү тең чакырамын, токтотуңуздар жана токтоңуздар! Өлкөбүздүн тынччылыгы жана сакталышы үчүн, биздин инилерибиз жана карындаштарыбыз үчүн! 

Эскалацияны болтурбоо үчүн бардык керек болгонун жасоо керек. 

Атайын операцияларды токтотуу шарт! 

Бийликтин акыл-эстүүлүгүнө ишенемин! 

Каза болгон адамдын туугандарына жана жакындарына көңүл айтамын. 

Жараткан, биздин элибизге тынчтык, эл уулдарына - сабырдуулук берсин», - деп жазган Өмүрбек Бабанов. 

Эске салсак, 2019-жылдын 7-августунун кечинде  милиция менен КР УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурм менен алышкан. Ички иштер министрлигинен кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурдагы мамлекет башчысынын катыштыгы бар экендиги учурда аныкталган. 

Мурдагы президенттин тарапташтары таштар менен куралданышып, каршылык көрсөтүшкөн.  Бир канча укук коргоочунун куралдарын тартып алышкан. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, атайын кызматтын бир жоокери курман болгон, дагы 48дей жаракат алгандар ооруканаларда жатышат. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх