Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков: Алты атайын кызматтын жоокерин, менимче, жакында бошотушат 

ЖК мурдагы депутаты, учурда Кой-Ташта тынч деп белгиледи 

Азыр Кой-Ташта тынчтык өкүм сүрүүдө. Бул тууралу ЖК мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков айтып берди.  

- Ооба, мен азыр Кой-Таштамын, - деди ал. -  Элдер чогулуп жатышат. Эрте менен 6 атайын кызматтын жоокерлерин бошотушу керек эле, он бирлерде. Бирок, алардын элдик штабы бар, чогулушуп, чечишет окшойт. Элдер азыркыга чейин Кой-Ташта интернеттин жоктугуна нараазы болушууда. 

Алмазбек Шаршенович Кой-Ташта, аны менен баары жайында. Мен жаңы эле келдим, аны көрө элекмин. Жаракат алгандар калган эмес. 

Кечээ кечинде Кой-Таш айылында УКМКны атайын кызматы менен милициянын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөрүшкөн. Мурдагы мамлекет башчысы камакка алынды деп бир канча жолу маалыматтар түшкөн жана алар тастыкталган эмес. 

КР Салматтыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, КР УКМКнын бир кызматкери каза болгон, ооруканаларда эки тараптан тең 48 жаракат алгандар жатышат. Алты атайын кызматтагылар мурдагы мамлекет башчысынын резиденциясында азыркыга чейин барымтада кармалышууда. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх