Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундуз Жолдубаева: Мени машина артымдан акмалап жүрөт  (видео)

Ал машинанын айдоочусу камераны көрүп калып жүзүн жашырып жаткандыгын айтып жатат 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына анын артынан акмалагандар тууралу айтты. 

КСДПнын расмий өкүлүнүн айтымында, ал үйүнүн жанында анын артынан акмалап аңдып жүргөн Honda маркасындагы автомобилди байкаган.

- Бул автомобиль менин үйүмдүн жанында турган, - деп тактады Жолдубаева. - Азыр да биздин артыбыздан келе жатат. Андан кийин бурулуп баштаганда, алар да, артыбыздан бурулушту. Мен аларды тартып баштаганда, алар жүздөрун бекитип жатышты. 

{youtube}apiXqeILEPc {/youtube}

Андан тышкары, кеңешчинин Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүн аккаунту - алдын ала божомолго караганда, укук коргоо органдары тарабынан жаап салынган.

- Мен эртеден бери Facebookка кире албаймын, - деп айтты ал. - Мен бир канча жолу өзүмдүн паролумду киргизгенге аракеттерди жасадым, бирок дайыма туура эмес болуп жатат. Менин болжолумда аны алмаштырып коюшкан. 

КСДПнын өкүлүнүн пикири боюнча, укук коргоо органдары тарабынан жасалган мындай аракеттерди «анын үнүн басуу үчүн жасалган аракеттер» катары бааласа болот. 

Эльдос Казыбеков

Фото www 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх