Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Орозбек Опумбаевдин деңгээлиндеги адамдар үчүн болгону саясий цензура гана бар»

 

УКМКнын төрагасы Алмазбек Атамбаевди эл алдында коркок деп атаганы этикалык жактан туурабы? 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди коркок деп атап жатып, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев болгону өзүнүн жеке пикирин билдирди. Мурдагы чекист, саясат таануучу Максат Мамытканов Vesti.kg сайтына ушинтип айтты. 

- Конституциябыз боюнча ар бир адам өзүнүн пикирин тутканга жана аны эл алдында айтканга  акысы бар. Бул эч нерсеге карама - каршы болбойт, - деп белгиледи ал. - Бирок, Орозбек Опумбаев - саясий фигура. Ал саясий кызматтагы адам. Анын ар бир сөзү-саясий билдирүү болуп саналат. Эгер ал Атамбаевди коркок деп атаса, анда ал мурдагы президенттин аракетттерине саясий баа берип жатат.

Ошол эле учурда Мамытканов, атайын кызматтын башчысы мурдагы президентке мүнөздөмө берип жатып колдонгон сөз, адабий тилде кеңири колдонулган сөз экендигин жана эч кандай этикалык нормаларды бузбай тургандыгын белгиледи.

- Жалгыз гана, аскер адамдары устав боюнча талкуу жасабашы керек болгон сөз - бул буйрук, - деп түшүндүрдү саясат таанучу. - Ал туура буйрукпу, туура эмеспи, талкууга жатпайт. А буйрукту аткаруу же аткарбай коюу - ар бир аскер кызматкеринин жеке иши. Опумбаев азыркы президент - анын башкы аскер башчысы берген буйрукту аткарган. Мындай деңгээлдеги адамдар үчүн болгону саясий цензура гана бар. 

Юридикалык илимдердин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев болсо бул тууралу башкача ойдо. 

- Биринчиден, УКМКнын төрагасы гана эмес, күч органдарынын ар бир катардагы кызматкери бардык жарандарга бирдей мамиле кылышы керектиги тууралу тиешелүү этикалык нормалар бар, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Ал кандай гана адам болбосун, кылмышкер болобу, күнөөсү такталмайынча, ага күнөөлүү деп айтуу туура эместигин эч ким алып сала элек. 

Осмоналиев, мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкеринин өзгөчөлөнгөн сапаты болуп, анын «филиграндык» менен билинбей аракеттерди жасап, ар дайым тыкандык менен акырын сүйлөгөндүгүндө. - деп белгиледи.  

- Ал эми болуп өткөн окуяда Опумбаев - устаты бир нерсени жеткиликтүү түшүндүрбөй калган, жаңы эле баштап жаткан кызматкердей болуп көрүнгөн түшүнүк жаралат, - деп айтты ал.

Профессордун пикиринде, Орозбек Опумбаевдин сөзү коркутуу сыяктуу көрүнгөн. 

- Бардык аткаминерлер үчүн кемсинтүүгө жол берилбейт, - деп жыйынтыктады ал. - Опумбаев УКМКнын жетекчилигине жарабайт. «Мен олтургузамын» деген сөздүн өзү эмне дегендик? Ал сүйлөгөндө так, юридикалык  тил менен айтышы керек, мурда айтылган сөзү болсо, коркутуу болуп саналат. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты, УКМКнын башчысы «аялдар менен балдардын артына жашынган» Алмазбек Атамбаевди - коркок деп билдирген. Опумбаевдин божомолунда, мурдагы президент кимдир-бирөөлөрдүн канынын төгүлүшүн каалаган. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх