Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Эгер Абдил Сегизбаев суракка келбей турган болсо, биз аны күч колдонуу менен алып келебиз

УКМКнын мурдагы төрагасы ИИМдин тергөө кызматына бүгүн кечке чейин келиши керек 

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге  суракка бүгүн кечке чейин келиши шарт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КР Ички иштер министрлигинин маалымат катчылыгынан кабарлашты.

ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, эгер Сегизбаев суракка келбесе, аны милиция кызматкерлери күч колдонуу менен алып келишет. 

- Биз ага чакыруу жөнөттүк жана ал суракка келүүгө милдеттүү, - деди Сейитов Vesti.kg сайтына. - Эгер ал чакырууну кабыл албай, көрсөтмө берүүдөн баш тартса, аны ИИМдин тергөө кызматына күчтөп алып келишет. 

Сегизбаев журналистерге интервью берип жатып, өзүнүн камакка алынганга даяр экендигин билдирген. 

"Убагында мен Опумбаевди жаш курагына  байланыштуу ээлеген кызматынан бошотконмун. Мыйзам боюнча полковниктер, ээлеген кызматтарында белгилүү бир жаш курагына чейин кызмат кыла алышат. Биз жылуу мамиледе коштошконбуз. Эгерде Опумбаевге башка күч органдарында кызмат керек болгондо, мен ага жардам бермекмин. Мен билбеймин, камакка алышабы же жокпу, аны тергөө чечет. Менден сурашат: "Эмне үчүн Сиз 7-апрелде ал жакта болуп жүрөсүз?".  Менин ал жакта болгонумдун себеби, ал менин жарандык позициям. Мен Атамбаев менен иштешкенмин жана мен ал кишини билемин. Жана чыныгы адамгерчилик боюнча- мен ал жакта болушум шарт болчу», - деди Сегизбаев. 

2019-жылдын июнунун аяктарында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Атамбаевдин «Элдик штабына» келип, аны колдоону чечкен. Андан тышкары, штурм маалында анын үйүндө бирге болушкан.

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх