Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Видеодогу пакет Алмазбек Атамбаевдин жактоочусуна берилиши керек эле»

 

Кундуз Жолдубаеванын жактоочусу, ызы-чуулу пакетте акча жана кымбат баалуу буюмдар болгон эмес деп баса белгиледи 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун «ишенимди жоготкондугуна жана кыргыз милициясына чыккынчылык кылгандыгына байланыштуу» кызматтан кетишинин себептери тууралу бир канча божомолдор пайда болду. 

Түйүндүн колдонуучуларынын бири, Алмазбек Атамбаевди камакка алып жаткан учурда, ал үйүнөн чыгып жатканда алып чыгып кетүүгө ниеттенген «акча жана кымбат баалуу буюмдарды» Асановдун өзү алып алган деп боолгологон. 

Ал өзүнүн жоромолун видеороликти жасалгалоо менен көрсөтүүгө аракет жасаган. Ал жерде көрүүчү сүйлөшүүлөр маалында мурдагы президенттин бутунун алдында кызыл пластик пакетти, андан соң - Атамбаевдин жан сакчысынын колунда, качан аны тергөө абагына алып баруу үчүн машинага олтургузуп жатканда - Курсан Асановдун колунда  көргөндүгүн баяндаган.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын жактоочусу Замир Жоошев «бриллианттар» менен байланышкан теорияны ачыкка чыгарды. Ал өзүнүн Facebookтагы баракчасында, пакетте эч кандай акча жана кымбат баалуу буюмдар болбогондугун кабарлады. 

«Пакет башында Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу - Сергей Слесаревге бергенге даярдалган болчу, - деди юрист. - 8-августа үйүнөн чыгардын алдында мурдагы президент Кундуз Жолдубаевага кайрылып, пакетти ичиндеги документтери менен бирге жактоочусуна берип коюну өтүнгөн. Ал пакеттин ичинде кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаевди коргоону ишке ашыруу үчүн керек болгон документтер бар эле».

Жоошев Бишкекте пакеттин мурдагы мамлекет башчысынын тарапташтарына кайра берилгендигине көңүлүн бурган. 

«Шаардын ичинде УКМКга киргенде пакет бар эле, себеби, ал жакка Атамбаевди алып келишкен, - деп улантты жактоочу. - Алар менен бирге Кундуз Жолдубаева жана мамсакчы болгон. Алмазбек Атамбаев УКМКда калып, Кундуз менен мамсакчыны ИИМдин имаратына алып келишкен».

Видеодон көрүнүп турат - ИИМдин алдында Кундуз Жолдубаева жана жан сакчы Канат Сагымбаев машинадан түшүп жатканда, пакет Сагымбаевдин колунда болгон. Андан кийин ИИМдин ичинде пакетти Жолдубаева өзү алып бара жатат. 

«Ошол түнү, 8 - августа, Кундуздун сурагына катышуу үчүн ИИМге келгенмин, - деп жазган Жоошев. - Ошондо Кундуздун жанында документтери менен пакет жаткан. Сурактан кийин ал ошол пакетти алып кеткен. Андан соң пакетти жактоочу Сергей Слесаревге өткөрүп беришти. Кечээ мен аны менен жолугушуп, ал пакетти алдым.

Алмазбек Атамбаев Курсан Асановго  акча жана кымбат баалуу буюмдарды берген деген фейк материалдарына ишенбегиле. Эгерде, чындыгында эле ошондой болгон болсо, ал пакетти ачык эле бере коюшмак эмес»

Эске салсак, кечээ эле ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду «ишенимден чыккандыгына» жана «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылгандыгына» байланыштуу кызматынан бошотушкан.

Кийинчерээк,  ИИМден Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө өз алдынча, «өзүнө пиар жасоо үчүн» милициянын кызматкерлерин өзүн телефонго тартып беришин суранып жана куралдарды кол кабы жок тартып алып жаткандыгы чыккынчылык болуп саналарын түшүндүрүштү. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

 




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх