Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратура Курсан Асановдун «милицияга чыккынчылыгын» иликтейт 

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду 

Аскер прокуратурасы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун  «милициянын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылгандыгы» жөнүндөгү ишти иликтөө менен алектенет. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду. 

- Азыркы учурда ИИМден келген материалдарды чогултуп жатабыз, - деп белгилешти маалымат кызматынан. - Ички иликтөөлөр кызматынан Курсан Асанов тарабынан мыйзамсыз жасалган аркеттердин фактылары боюнча корутунду келип түштү. Башкы прокуратура  ИИМдин корутундусун иликтеп чыгат. Топтолгон материалдар КББРине катталган. 

Эске салсак, кечээ Курсан Асановду «ишенимден чыккандыгына» жана «милициянын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылгандыгына» байланыштуу ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотушкан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

  

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх