Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскер  прокуратурасы Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзөт 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчисинин үйүнүн жанында тонировкаланган машиналар турат 

Аскер прокуратурасы  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзөт. Бул тууралу ал өзү Vesti.kg сайтына кабарлады. 

- Мага азыр Аскер прокуратурасы келип тинтүү жүргүзө тургандыгы жөнүндө жактоочум кабарлады, - деди Жолдубаева. - Мен азыр жактоочумду күтүүдөмүн, ал келгенден кийин, мүмкүн, тинтүү жүргүзүшөт. 

Кеңешчи 9-августь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан анын турак жайына тинтүү жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады. Кандай кылмыш ишинин алкагында тинтүү болуп жаткандыгы, азырынча белгисиз.   

Жакында эле КСДПнын расмий өкүлү, өзүнүн  артынан аңдуу түшкөндүгүн Vesti.kg сайтына билдирген. Жолдубаеванын айтымында, анын артынан дайыма, бир эле машина акмалап жүргөн. Качан ал айдоочунун жүзүн тартып алууга аракеттенде, ал жүзүн жашырып калган.

Эльдос Казыбеков

Фото www









Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх