Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Апрель» телеканалы башкы прокуратурага арыз берди 

«ИИМде Коституциянын беренелерин, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү», «Ишкерлерди коргоо тууралу» мыйзамдарды жана Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин беренелерин бузушкан»

«Апрель» телеканалынын кызматкерлери Башкы прокуратурага ИИМдин тергөө тобунун  жана Биринчи Май райондук сотунун судьясынын аркетерине карата доо арыз жазышты. Бул тууралу маалыматтар каналдын сайтында жарыяланган.  

Кайрылууда, 2019-жылдын 9-августунда атайын кызматтын кызматкерлери менен биргеликте тергөөчү «Апрель» телеканалынын аймагына кирип келишип жана офисти бошотууну талап кылышкан деп көрсөтүлгөн.

Өздүктөрүн жана кызматтарын тастыктаган документтерди, ошондой эле бул талаптарды негиздеген документтерди көрсөтүшкөн эмес. Тергөөчү оозеки гана «Медиа Форум» ААК имараты камакка алынат жана бардык жумуш жайларына мөөр басылып, жабыла тургандыгын жарыялаган. 

Бирок, юристердин айтымында, «Апрель-ТВ» ЖЧКсы болгону офистик аянттарын колдонгон «Медиа Форум» ААКсы гана камакка алынган.  

 «Ошентип, КР ИИМнин тергөө тобунун тергөөчүсүнүн «Апрель-ТВ» ЖЧКнын кирүүгө чектөө койгондугу боюнча аракеттери, «Апрель» телеканалынын иштебей калуусуа мүмкүнчүлүк түзүп,  «Апрель-ТВ» ЖЧКсы тарабынан колдонгон ижарадагы мүлктүн кол тийбестигинин принциптерин бузгандыгы, «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө бут тоскондук болуп саналат жана журналистин кесиптик ишмердүүлүгүнө жолтоо көрсөткөндүк болуп эсептелет, «Маалыматтарды эркин алуунун кепилдиги жөнүндөгү» жана «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралу» КР  мыйзамдарын бузат, «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын конституциялык укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган», - деп айтылат сайтта. 

Биринчи Май райондук соту жана Башкы прокуратура арызды кабыл алышкан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх