Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков: Мени кармаганга аракет жасашууда

Мурдагы депутат, мен «мыйзам алдында тазамын» деп ишендирет 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалышы мүмкүн. Бул тууралу ал  Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүнүн баракчасынан кабарлады.  

«ИИМнин БТБнан мага жактоочуңузду чакырыңыз деп айтышты, себеби, мени кармаганга ниеттенишүүдө. 244-берене «Барымтада кармоо». Менин жактоочум - Азимбек Бекназаров. Мени - демократиялык оппозицияны - колдогон баарыңыздарга рахмат», - деп жазган Жээнбеков.

Анын айтымында, ал «мыйзам алдында таза». Парламентарий, «Атамбаевдин аркасынан бардыгын тазалап жатат» деп эсептейт. 

Мурдараак, аны алгачкы жолу ИИМге суракка чакырышкан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх