Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун жактоочусу: Кашкар Джунушалиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды 

Икрамидин Айткулов ички иштер министрин анын мурдагы орун басарынын иши боюнча тергөө убагында кызматынан чететтүүнү суранат

Мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду ЖМКында жарыяланган жана КББК үчүн негиз болгон кызматтык иликтөөлөрдүн корутундусу менен тааныштырышкан жок. Бул тууралу мекеменин башчысынын мурдагы орун басарын Аскер прокуратурасында суракка алгандан кийин анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Андан тышкары, ал Асановдун квартирасын тинтүү учурунда жеке өзү катышкан. 

- Бүгүн мен, Курсан Асанов сыяктуу эле, КР ИИМнин кызматтык иликтөөлөрүнүн корутундусу менен тааныштым, эмнегедир аны алгач жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашкан, - деп белгиледи ал. - Ошол эле учурда Асановду КББКна катталышы үчүн себеп, ошондой эле  негиз болгон жана басма сөздө жарыяланып кеткен кызматтык иликтөөнүн корутундусу менен тааныштырышкан эмес. Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары өтө тездик менен чыгарылгандыгы ачык көрүнүп турат. Алар тийиштүү түрдө негизделген эмес. Тактап айтсак,  мен жактаган жана башка адамдардан түшүндүрмө талап кылынып, алынган эмес.

Жактоочу ачыкка чыгарбоо тууралу сөз бергендиктен, так ачыктап берүүгө мүмкүн эместигин белгиледи. Бирок, жактоочунун айтымында, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен караганда, Курсан Асановду кызматтык кылмыш жасады дешип айыпташууда.

- Бирок, бул жерде кызматтык иликтөөнун корутундусун аны тергөө жолу менен тийиштүү деңгээлде текшербей туруп, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого уруксат берген ички иштер министринин өзү, факт боюнча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, - деп билдирди юрист. - Ал ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн тартипке салуучу укуктук-ченемдик актыларды жана күнөөсү аныкталбай туруп, ал күнөөлүү эмес экендиги тууралу конституциялык принципти бузган.

Менимче, мындай караганда Кашкар Джунушалиев өзү, кызматтык милдетин дагы кесипкөйүрөөк аткарган орун басарын жаманатты кылуу максатында, жеке кызыкчылыктарынын айынан Курсан Асановдун  укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана милициянын авторитетине орду толгус зыян келтирген.  

Жогорудагыларга байланыштуу Икрамидин Айткулов КР президентине жана премьер-министрине  ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди тергөө мезгилинде, башталган тергөөнүн обьективдүүлүгүн камсыздоо үчүн ээлеген кызматынан четтетип туруу керектигин айтып кайрылды. Себеби, бул иштеги күбөлөрдүн бардыгы учурда милицияда кызматта иштеп жаткандар болгондуктан, министр кызмат абалынан пайдалануу менен аларга басым көрсөтүшү мүмкүн экендиги белгиленет. 

Эске салсак, 8-августа Курсан Асанов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны үйүнөн көчөгө алып чыкканда, аларды КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тосуп алган.

13-августа Асановду  «ишенимден чыккандыгы» жана  «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылгандыгы үчүн» деген айып менен кызматынан кетиришкен. 14-августа аны Аскер прокуратурасына суракка чакырышкан. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх