Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Ташта атайын кызматтагылардын колунан жаш жигит каза тапканбы?  

КСДП 24 жаштагы Атамбаевдин тарапташынын мүмкүн өлтүрүлгөндүгү тууралу маалыматты текшерет  

КСДП 7-8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуялардын учурунда, атайын кызматтагылардын колунан 24 жаштагы өспүрүмдүн каза болгондугу жөнүндөгү маалыматты текшерет. Бул тууралу ЖКтин депутаты Ирина Карамушкина Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасынан коомчулукка кабарлады.  

Парламентарий Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылды. 

«УКМК! Кой-Ташта тынч жаткан элди курал менен басып кирүүдө, асманда тик учак жана дистанттык башкарылуу менен өзү учуучу аппараттын (дрон) учуп жүргөндүгүн бардыгы көрүшкөн, тартипсиздикти элдер даярдабагандыгы жөнүндө силерде так жана ачык фактылар бар, эч кандай күнөөсү жок, өзүнүн принциптери үчүн куугунтукталган А.Атамбаевди коргоого оппозициялык аянтча жасап алууга жана аны коргогонго  бийлик өзү элдерди түрткөн! Эмне үчүн өзүңөрдүн видеоматериалдарды көрсөтпөйсүңөр? Атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан жарадар кылынып, ур-соккуга алынган жөнөкөй жарандарга карата жексурдук менен, Атамбаевге жана анын айланасындагыларга тартипсиздикти уюштуруу жана кармалган учурда бийликке каршылык көрсөтүү сыяктуу беренелерди эмнеге "чаптап жатасыңар«»? Эмне, террористер жана банда түзүмдөрүнүн жетекчилерин кармаган сыяктуу эле, эми ушинтип мурдагы президенттерди кармай баштадыңарбы???», - деген жактырбаган тейде депутат. 

Ошол эле учурда, Карамушкинанын айтымында, ага мурдагы президенттин үйүн штурмга алган учурда атайын кызматтагылардын колунан жаш жигит өлгөндүгү тууралу маалыматтар жеткен.

«Андан да, токмоктолгон Курманбек уулу Миржан, 24 жашта, атайын кызмат келтирген жаракаттардан өлгөн деген маалыматтар келип жетти… азыр партиялаш балдар тактап жатышат, эгер чынында эле ошондой болгон болсо, мен 7-8-августа жарадар болгон жана жаракат алгандардын баардыгынан суранамын, сотторго, жарандардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдарга  кайрылгыла! Коркпогула! Эч кандай мыйзамга каршы эч нерсе кылган жокпуз, бийлик өзү диктатура жасады! Бийлик "Медиа Форумдагы" ижарага алынган КСДПнын жана "Апрель«» студиясынын офистерин алып коюп, камакка алгандыгы үчүн жооп бериши керек! Бийлик өзүнүн мыйзамсыз аракеттери үчүн жооп бериши керек! Мына кайсыл жерде Жогорку Кеңеш ыкчам чогулушу керек эле жана өзүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыктарын коргошу керек эле! Бирок, алар алгач саткынчылык кылып, азыр болсо куйруктарын түйрүп алып, мыйзам чыгаруу органынын акыркы абийирин чачып жатат…», - деп жазган  парламентарий.

(автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган, - ред. эск.). 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх