Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Фархад Баабиевдин Кой-Таштагы массалык тартип бузууларды уюштурууга катышкандыгын тактады 

Ал 9-октябрга чейин камакка алынды 

Мекемелер аралык тергөө тобу Аламүдун районундагы Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августунда болуп өткөн массалык тартип бузуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. 

Массалык тополоңдо Фархад Баабиевдин катышкандыгы анык болду. 2019-жылдын 16-августунда Баабиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин  (массалык тартип бузууларга катышуу) 2-бөлүгүнүн 264-беренесине ылайык, кылмыш жасалгандыгына шектүү катары кабарландырылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 2019-жылдын 9-октябрына чейин аны камакка алуу тууралу чечим чыккан.

ИИМдин маалымат кызматы

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх