Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР акыйкатчысы Кой-Таштагы окуяларга баа берүүдөн карманды 

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Токон Мамытов, 7-8-августагы тартип бузуулардан кийин арыз менен  эч ким кайрылбагандыгын кабарлады  

Акыйкатчы Токон Мамытовго бүгүнкү күнгө чейин 7-8-августта Кой -Таш айылында болуп өткөн окуялар боюнча бир дагы арыз менен кайрылуу түшкөн эмес. Бул тууралу  Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө акыйкатчынын өзү айтып берди.

- Бизге Кой-Таш айылындагы 7-8-августта болуп өткөн окуядагы фактылар боюнча эч ким кайрылган жок, - деп айтты Мамытов. - Бирок, биз бул багытта иш алып баруудабыз жана укук коргоо органдарынан маалыматтарды берүүнү өтүндүк. Буларга бааны сот гана бере алат.

Токон Болоткановичтин айтымында, азыркы учурда акыйкатчынын институту, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу менен байланышкан болуп өткөн окуянын мониторингин жүргүзүүдө. 

- Мониторингдин жыйынтыктары боюнча биз расмий билдирүү жасайбыз, - деп маалымат берди өлкөбүздүн башкы укук коргоочусу.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Ага паракорчулук, укук коргоо органдарына карата күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу жана массалык тартип бузууларды уюштуруу сыяктуу айыптар тагылган. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх