Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун жактоочусу: Айып тагылган жок. Аны күбө катары суракка алышты

Икрамидин Айткулов, ИИМдин мурдагы орун басарынын көңүлү көтөрүңкү экендигин белгиледи 

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановду экинчи жолу суракка чакырышты. Бул тууралу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов Vesti.kg  сайтына кабарлады. 

- Азырынча расмий айып коюла элек, мен жактаган адамды күбө катары суракка чакырышты, - деп тактады ал. - Аталган маселе боюнча кандайдыр бир жаңылыктар боло элек. 

Ошол эле учурда Айткулов, Курсан Асановдун жайдары көңүл менен жүрүп жаткандыгын кошумчалады. 

- Анын көңүлү көтөрүңкү, - деп бөлүштү юрист. 

Эске салсак, 8-августа Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана аны үйүнөн көчөгө алып чыкканда, аларды КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тосуп алган. 

13 - августа Асановду «ишенимден чыккандыгына байланыштуу» жана  «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандыгы үчүн» кызматтан кетиришкен.  14 - августа аны Аскер прокуратурасына суракка чакырышкан.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх