Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев: Менин мекениме кайтып барышым үчүн эч кандай формалдуу тыюу салынган эчтеке жок 

Кыргызстандын алгачкы президенти, Атамбаевдин учурунда жакындарын акыркы сапарга узатууга мүмкүнчүлүк беришпей, аэропорттон кармайбыз дешип коркуткандыктарын кыйытты  

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев орусиялык журналистерге кыскача интервью берди. Мекениңизди сагындыңызбы жана Кыргызстанга кайтасызбы деген суроолорго мурдагы мамлекет башчысы төмөнкүдөй жооп берген: 

"Ал үчүн эч кандай формалдуу тыюу салуулар жок. Бирок, мына 13 жылдан бери мага карата маалыматтык согуш жүрүп келет. Жалпыга малымдоо каражаттарында, мени жарым тонна алтын уурдаган деп айтып келишет. Ал жалган", - деди Аскар Акаевич. 

Андан тышкары, Акаев, өз учурунда менин эки жакын туугандарыма топурак сала алганым жок, себеби, аэропорттон кармайбыз дешип коркутушканын белгиледи. 

"Алмазбек Атамбаевдин убагында, менин эки тууганым каза болгондо, мен бара алган жокмун. Мени, аэропорттон камакка алышат деп коркутушкан. Мага карата козголгон кылмыш иштери 12 жыл мурда кыскартылган/токтотулган. Өздөрүн жеңүүчүлөрбүз дегендердин бардыгы бийликтен кетишкен", - деди Аскар Акаев. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх