Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Индира Джолдубаеваны үй камагына алышты

Мурдагы башкы прокурорго карата мындай баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Ал Азиз Батукаевдин иши боюнча өтүүдө.

ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан эркинен ажыратылган жерден Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр улантылууда. 

2019-жылдын 20-августунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жолдубаева Индира Ырысбаевна КР КК 43- беренесинин 4-бөлүгү жана 319-беренесинин 2-бөлүктөрүндө каралган (Паракорчулук) кылмыш ишке шектүү катары билдирүү алган. 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ага үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы аныкталган. 

ИИМдин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх