Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сеид Атамбаев: Бийликтин башкы максаты менин атамды өлтүрүү болгон! 

Мурдагы президенттин уулу анын баштыгындагы акча эмнеге жумшала тургандыгын айтты 

Мурдагы президенттин уулу Сеид Атамбаев КСДПнын маалымат кызматы таркаткан өзүнүн кайрылуусунда азыркы бийликти сындады. 

Төмөндө анын толук текстин келтиребиз: 

«Бийликтегилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата кара пиар-кампания уюштурушту, аны мыйзамсыз камакка алышты, тарапташтарын коркутушту. Эки жыл бою Атамбаевдин душмандары парламентте жана аткаминерлер бийликте өлкөбүздө болуп жаткан бардык жаман иштерде күнөөлөштү. Бийлик эмнеси менен мактана алат?  Өздөрүнүн бийлик органдарындагы туугандары, күйөө балдары, кудалары жана өкүл аталары мененби? Сапар Исаковдун өкмөтүнүн “Таза Коом” программасынан алган өлкөнү санариптештирүү мененби? Паракорчулук менен жүрүп жаткан алсыз күрөшү, Жарым жылга чукул убакыттан бери текшерүүсү бүтпөгөн, учурда салтанат куруп жаткан Матраимовдор  мененби? Бажыдагы паракорчулук менен реалдуу күрөштү баштаган адамдар - Сапар Исаков жана Кубан Кулматовдор үчүн менин атам бүгүнкү күндө камакта, ошол эле учурда бийлик өтө эңсегендей ал малекеттен чыгып кетсе болот эле.  

Менин атам бийликте турган учурда өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти жана электр энергиясын веердик өчүрүүлөр токтогон. Кыргызстанда массалык түрдө жолдор курулуп жана оңдоло баштаган. Азыр дагы жүрүп жаткан, жалпы курулушка старт берилген. Өлкө ЕАЭСга кирген жана Кыргызстанда алгачкы жолу экинчи индустриализациянын башталышына жол ачкан ОКӨФ - биринчи өнүктүрүү институтун алган. Бүгүн бийлик, Атамбаев убагында каржылоо жана курулуш маселелери чечилген заводдор, долбоорлор жана жолдор менен мактанышып,   “ачылыш ленталарын кесүү” менен алектенишүүдө. Атамбаевдин аркасынан өлкөүздө биометрикалык шайлоолор өтүүдө жана өзүнүн пайда болгон тарыхынан берки парлмаентке эң чоң ыйгарым укуктарды берген Конституциялык реформа өткөрүлгөн. Кыргызстан жалпы Борборазия аймагы үчүн бренд түзүү менен Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн демилгечиси болуп калды. 

Алмазбек Атамбаев - өзүнүн кызматын  мыйзамдуу жана тынчтык жолу менен тапшырган Борбордук Азиядагы алгачкы президент.  

Өлкөнү мындан ары өнүктүрүү боюнча бийликтин пландары барбы? Болбосо, Жээнбековдор - Матраимовдор авторитардык  үй-бүлөлүк режимдин орнотулушу үчүн өздөрүнө жолду тазалап коюшту.

Ал үчүн бүгүнкү күндө ким ачык зордук-зомбулукка жана чектен чыккан аракеттерге каршы турса, аларга кылмыш иштери ачылууда. Мен саясаттан жана мамлекеттик башкаруудан алыс кишимин, менин атам президент болуп турган мезгилинде эч бир  иштерине кийлигишкен эмесмин, бүгүн болсо, атамдын принципиалдуу позициясы үчүн өч алуунун курмандыгына айландым. 

Мага тийиштүү баштыкта “өтө ири суммадагы акча табылды” дешип ЖМКларда жазып жатышат. Ооба, албетте, баштыкта чындыгында 170 миң сом акча бар эле - ал акчалар 10 өгүздү сатып алуу үчүн алдын ала төлөнө турган акчалар болчу: жыл сайын 30 жылдан бери (1992-жылдан бери) Курман Айт майрамына менин атам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине , ардагерлерге, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтчү эле. Бийлик ал акчаны менден же менин атамдан алып койгон жок, алар ал акчаны жөнөкөй элден алып коюшту! 

Бул жыл биздин үй-бүлө үчүн эң кыйын жылдан болду, ошондуктан, мен атамдын уруксаты менен, анын атынан айылдаштарыма өз алдымча жардам көрсөтүүнү пландаштыргамын. Мен өлкөбүздүн булуң бурчтарынан атамды жана Элдик Штабды колдогону атайын келген жөнөкөй адамдардга ыраазычылк билдиремин. Элдер өздөрү колдоо көрсөтүү үчүн бизге, Кой-Ташка келишкен. Биринчи күнү  атама кошуна айылдын жашоочусу келип, өзүнүн малын топтолгондорду ысык тамак менен камсыздоо үчүн сунуштады. Ушундайлар күн сайын кайталанып турду. Бизде ушундай туруктуу, ишенимдүү жана чын дилдүү тарапташтардын бар экендиги үчүн аларга жана Кудайга ыраазымын.

Кудай көрүп турат, жөнөкөй эл Атамбаевди коргоо үчүн туруп берди! Бийлик дагы муну түшундү жана этеринен чыгарбайт деп ишенемин. 

Менин пикиримде, 7-август күнү канды эңсеген бийлик чоң сандагы түрдүү куралдар жана ок-дарылар менен жаш атайын кызматтын жоокерлерин атайын өлүмгө жөнөтүшкөн. Алар, мүмкүн ойлошкондур, жаш жоокерлер үйдө чогулгандарды баш аламандыкка түртүшүп, тапшырманы аткара алышпай, өздөрүнун куралдарын жоготушат, же керек болсо, куралдарды атайын ыргытышат! Кой-Таштагы адамдар атайын кызматтын жоокерлеринин куралдарын алышып, алар менен атышып башташмак. Пландын башкы максаты эмнеде болчу? Башкы максат Атамбаевди өлтүрүү, Атамбаевди жок кылуу керек эле! Атамбаевди жок кылуу менен гана бийлик тынчтанмак! Кудайга шүгүр, ал пландары ишке ашкан жок - адамдар тез эле аны түшүнүшүп, андан аркы алдатмайга барышкан жок, бардык колго түшкөн куралдарды чогултушуп, үйүбүздүн үчүнчү кабатына топтоштуруп коюшкан.  Кой-Ташта чогулгандардын арасында жөнөтүлгөн чагымчылдар да бар эле. Элестетип көрүңүздөр, эгерде жөнөкөй балдар атайын кызматтын жоокерлеринин куралдарын чогултуп, алып кетишпегенде, баш - аламан окуяда эмнелер гана болуп кетпейт эле. “Альфанын” жоокерлерин сабаганга үндөгөн чагымчылдардын сөзүнө кирбестен, жөнөкөй элдер ал жоокерлерди сактап калышты. Ошондой эле, Тез жардамдын кызматкерлерине рахмат айткым келет. алар коркпостон жана өз убагында жарадарларга жардам көрсөтүп жатышты. Мен күч органдарынын огунан өзүнүн тарапташтарын сактап калуу үчүн менин атам, мен өзүм жалгыз ок чыгаргамын деп “күнөөнү мойнуна алгандыгына ишенемин.

Биз баардыгыбыз билгендей, менин атамдын өмүрү Жээнбековдордун, Опумбаевдердин жана Жамшитовдордун колунда, алар керек болсо, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуунун мыйзамдуулугу тууралу Жогорку Соттун Конституциялык Палатасынын жана мурдагы президентке жөнөтүлгөн  билдирүүлөрдүн мыйзамдуулугунун тастыктамасын күткөнгө чыдамдары жетишпеди. Эми, Алмазбек Шаршеновичтин башынан бир тал чачы түшсө да, бийликтегилер толук түрдө жоопкерчиликти тартышы керек!  

Эми, аягында, биздин улуу, акылман жана кең пейил элибизге чоң ыраазычылык билдиргим келет, себеби, элибиз менин атамдын эмгегин баалап жатышат, анын чынчылдыгына ишеништи жана ага ишеништи, өздөрүнүн өмүрү коркунучта экендигине, бийликтин куугунтуктаганына карабастан, аны колдошту жана коргошту!  Мен элдин колдоосун сезип жатамын!

Мен, эл коргогон президенттин уулу экендигим менен сыймыктанамын, жана мен элдин ишенимин актаганга аракет кыламын!».

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх