Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкинаны депутаттык кол тийбестиктен ажыратышы мүмкүн. Ал шектүү болуп калды  

Парламентарийге массалык тартип бузууларды уюштурган деп айып тагылып жатат. Эл өкүлү Жогорку Кеңеш боюнча өзүнүн кесиптештеринен эми көп нерселер көз каранды деп белгиледи  

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина коомчулукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аны күбөлөрдүн катарынан  «Массалык тартип бузуулардын уюштуруучусу» катары 244-берене боюнча шектүүлөрдүн катарына которгондугун кабарлаган. Бул тууралу ал өзүнүн Facebook социалдык баракчасында жазган. 

«Мени күбөлөрдүн катарынан, Башкы прокурор Жамшитов «Массалык тартип бузуулардын уюштуруучусу» деген 244-берене боюнча шектүү катарына которду, ал мени акча тараткансың, кызматкерлерди токмоктотуу үчүн элди даярдагансың, ушунун баары ЖК депутатынын антын бузгандыгың… Болду, мына бийлик бардык шаан-шөкөтү менен! Эгер, мурдагы президентти, депутатты жеңил эле, болгон тантырактыкты асып коюп, ошол эле учурда эч кандай далилдерди көрсөтпөстөн камакка алышса жана аны жылдар ичинде кайра тууралыгыңды көрсөтүүгө аракет кылсаң, мына ошондой эмес бекен! Толук укуктук коллапс жана бийликтин ээнбаштыгы! Өлкөбүздү куттуктаймын!», - деп жазган Ирина Карамушкина. (автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган, - ред. эск.) 

Ал арада Vesti.kg сайты менен аңгемелешүүдө, эл өкүлү булар боюнча таанышкандан кийин аталган тема тууралу комментарий  бергени жаткан жактоочусун күтүп жаткандыгын маалымдады.  

- Мени суракка чакырышкан, ошол жерден булар тууралу билдим, - деп тактады Карамушкина. - Мыйзам жана регламент боюнча кол тийбестиктен Башкы прокуратура ажыратат. Ал Жогорку Кеңешке билдирүү берет, а депутаттар добуш беришет. Эгер кесиптештерим менден кол тийбестикти алып салууга макул болушса, алардын мени камакка алууга акысы болот. Азыркы учурда менде депутаттын статусу бар.  

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх