Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын отставкадагы полковниги: Кыргызстандан Кытайга мамлекетик жашыруун сырлар чыгарылып кеткен 

Мурдагы чекист Абдымалик Мырзаевдин айтымында, советтик мезгилде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоолордун материалдары чийилген жашыруун карталар жөнүндө сөз болууда

Кыргызстанда көп аткаминерлер Кытайга чыгарылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жашыруун сырларды билишет, тактап айтсак, ошол советтик мезгилде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоолордун материалдары менен кен байлыктарыбыздын жашыруун картасы жөнүндө. Бул тууралу УКМКнын отставкадагы полковниги,Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Абдымалик Мырзаев Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Бул тууралу бардыгы билишет: мамлекеттик геология, жана көптөгөн аткаминерлер - кандайча жана кантип биздин жашыруун документтер Кытайга өтүп кеткендигин, - деп айтты ал. - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин функционалдык милдеттери - мамлекеттик жашыруун сырларга байланышкан маалыматтары бар бардык биздин мамлекеттик мекемелерди  коргоону камсыз кылуу. Советтер Союзунан калган жашыруун сырларды, атайын кызматтар катуу көзөмөлдөшү керек болчу, жана күн сайын өздөрүнүн көз салуусунда кармашы керек эле. Биз бардыгыбыз учурда биздин түзүмдөрдүн өздөрүнүн түз функционалдык милдеттеринен четтеп кеткендигине күбө болуп олтурабыз. Ошол эле комитет, өздөрүнүн башкы милдеттерин унутуп коюшуп,  саясий жандармерияга айланып кетти.

Андан тышкары, мурдагы чекист, маалыматтардын чыгарылып кетишине жашыруун карталарды сатып, байыганды каалаган аткаминер да аралашышы мүмкүн деп боолголоду. 

- Аталган чыгарып кетүүлөр акчанын айынан болушу мүмкүн, - деп белгиледи Мырзаев. - Ушул карталар сакталган кээ бир  өзүнчө мекемелерди билемин: ал жерде «советтик даярдыктан өткөн» кызматкер болгондо, ал эч кимге бул маалыматтарды бермек эмес, карталарды берүүдөн баш тартмак. Биздин мамлекеттик түзүмдөр ушундай, ким өз милдеттерин так аткарып жана туура иштеген адамдарды иштен кетиришет. Алардын ордуна мамлекеттик сыр тууралу түшүнүгү жок адамдарды кызматка коюшат.  Мына, ошол мекемеге так ошондой адамдарды койгондуктан, ал адам ошол бардык маалыматтарды сатуу менен акча иштесе боло тургандыгын түшүнөт. Мына ошондой болуп, мамлекеттик сырларды коргоо процесси акырындык менен паракорлордун колуна өткөн. Менин оюмча, бул адам жашыруун сырларга түздөн-түз жооп берген орточо аткаминер болгон.

Жыйынтыктап жатып, Мырзаев азыркы бийликтин бардык ушундай маселелерде теришитирип алат жана күнөөлөрү бар адамдарды жазага тартат деп үмүттөнгөндүгүн билдирди. 

- Эгерде биздин президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович менин комментарийлеримди окуп, УКМКга териштирүүгө тапшырма берсе, оюмда, алар мамлекеттик жашыруун сырлардын кайдан чыгып кеткендигин табышат, - деп улантты ал. - Үмүт кыламын, жаңы бийлик ушулардын бардыгын териштирет жана бардык күнөөлүүлөрдү жазага тартат, эгерде өлкөбүздө тартип орнотобуз дешсе. Мүмкүн, Кыргызстандан аябай күчтүү мамлекеттик сырлардын чыгып кетишине ушулар башкы себеп болгондур.

Медина Купсулдаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх