Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адил Турдукулов Абдил Сегизбаевдин атына Башкы прокуратурага арыз жолдоду 

Ал УКМКнын мурдагы башчысын Белизден келген чырдуу документтер менен болгон окуяга байланыштуу жоопкерчиликке тартууну талап кылууда  

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Башкы прокуратурага УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата арыз жолдогон. Бул тууралу ал Фейсбуктагы өзүнүн баракчасында кабарлаган. 

Анын айтымында, Сегизбаев «Ата-Мекендин» депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновалар  «Аль-Телеком» ААКун сатууга кызыкдар экендиги тууралу документтерди сунуштап жатып, өзүнүн ыйгарым укуктарын ашырып колдонгон.

«Бул фиктивдүү документтер өлкөбүздүн башкы телеканалы - КТРКда активдүү чагылдырылып, депутаттарга карата текшерүүлөр башталган. Кийнчерээк, Белизден расмий документтер алынбагандыгы аныкталган. Мындан биз, Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, аталган адамдарды каралоо максатында жаман ниет менен документтерди жасалмалоо жана жөнөкөй алдамчылык менен алектенген»,- деп жазган Турдукулов.

Абдил Сегизбаевдин өзү болсо комментарийлер үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Эльдос Казыбеков

фото www



   

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх