Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстандык мушкердин чырдуу видеокайрылуусун эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери талкуулашты

Кыргызстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери бул маселени өздөрүнүн көзөмөлүндө кармоого макулдашышты 

Кечээ, 2019-жылдын 22-августунда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Өзбек Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун телефон сүйлөшүүлөрү болуп өттү. 

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар Ош облусунда 18-августа болуп өткөн кулатуу боюнча эл аралык турнирге катышкандан  кийин, ЖМКларда жарыяланган жана коомдук резонанс жараткан Өзбекстандык спортсмендин видеокайрылуусуна көңүлдөрүн бурушту.  

 Эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары обьективдүү териштирүү максатында аталган маселени көзөмөлдүккө алууну макулдашышты. 

 КР ТИМнин маалымат Департаменти  

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх