Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим  Карыпбековду ЭКККМКына суракка чакырышты  

«Финполиция» проверяет деятельность бывшего руководства аэропорта «Манас» 

КТРКнын мурдагы генералдык директору Илим Карыпбековду ЭКККМКна суракка чакырышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Карыпбековдун күбө катары чакырылгандыгы белгилүү, бирок, кайсы иш тууралу экендиги такталып жатат. 

Ал арада КТРКнын мурдагы башчысы «Азаттыкка», анын «Манас» аэропортунда иштеген мезгили жөнүндө сөз болгондугун билдирген. 

«Мен аэропорттун директору болуп иштегенде, май - куюу комплекси сатып алынган эле. Ошол иш боюнча текешерүү жүрүп жатат», - деп айтты Карыпбеков журналистерге. 

КТРКнын директору болуп дайындалганга чейин Илим Карыпбеков «Манас» эл аралык аэропортуна караштуу бишкектеги аэропортту башкарган.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх