Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адил Турдукуловду Кой-Таштагы тартип бузуулар жөнүндөгү иш боюнча суракка чакырышты  

«Учурда Ирина Карамушкинанын мойнуна асып жаткандарды эске алсак, бардыгын күтсөк болот» 

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловду Кой-Таштагы тартип бузуулар жөнүндөгү иш боюнча ИИМге суракка чакырышты. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына ал өзү кабарлады.  

- Мен көп деле кыжаалат болгон жокмун, себеби, мени күбө катары чакырышты, - деди ал. - Бирок, учурда Ирина Карамушкинанын мойнуна асып жаткандарды эске алсак, бардыгын күтсөк болот. Буларга мен философиялык жактан мамиле кыламын. 

Эсиңиздерге салабыз, мурдараак Vesti.kg сайты, Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат Ирина Карамушкинаны үй камагына алуу тууралу чечим чыгарган. Аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө адамдарды барымтага алууга катышкан деп шек санап жатышат. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх