Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундуз Жолдубаева: Менин үйүмдүн жанында мурдагыдай эле күмөндүү машиналар турат 

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, анын артынан аңдуу улантылып жатканын, бирок, ал өзү  буга эч көңүл бурбай койгондугуна ишендирүүдө

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын үйүнүн жанында «күмөндүү», айнектери караңгылатылган машиналар аңдууну улантышууда. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

- Үйүмдүн жанында түрдүү машиналар туруп калат, - деди Жолдубаева. - Менин артыман шектүү балдар жүрүшөт, бирок, мен аларды байкабаганга аракет кыламын, көнүп да калдым. 

Анын айтымында, анын артынан «Мерседес», «Жигули» жана «Хонда» маркасындагы автомашиналар менен аңдышкан. 

Эске салсак, мурдараак Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына, анын артынан күмүш түстүү автомашина түшүп, анын айдоочусу, аны сүрөткө тартып аламын деп жатканда башын ала качып кеткен. 

КСДПнын төрага орун басарынын айтымында, укук коргоо органдары тарабынан ушундай аракеттер «анын унчукпай коюшу үчүн аракет» катары бааласа болот. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх