Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМден Памир Асановдун Матраимовдордун үй-бүлөсү менен туугандык байланышы бар экендиктерин тастыкташты 

Мекемеден аталган фактыны саясатташтырбоого чакырышты жана ички иштер министринин орун басарынын карьерасы МБКнын төрагасынын мурдагы орун басарынын ишмердүүлүгү менен эч кандай байланышы жок экендигин түшүндүрүштү 

Ички иштер министрлигинен, Курсан Асановдон кийин,  ИИМдин жаңы орун басары болуп дайындалган Памир Асанов, Матраимовдордун үй-бүлөсү менен туугандык байланышта деген ушактар тууралу Vesti.kg сайтына чечмелеп беришти. 

Милициянын мекемесинен аталган фактыны тастыкташып, бирок, коомчулуктан муну саясатташтырбоого чакырышты. Министрликтен, Памир Асановдун алыс туугандарынын арасында МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун болгону үчүн гана, алар менен баарлашууга барбай койгону туура болбой калат деп белгилешти.

-Кыргыздарда  «нике кайып» деген сөз бар, - деп айтышты Vesti.kg сайтына ИИМдин маалымат кызматынан. - Эки жаш бирин-бири сүйүп калып, эгер үйлөнүүнү каалашса, ага ата-энесинин макулдугу керек.  Мына ошондуктан, Памир Асанов менен Фарида Матраимованын баш кошкондугун биз саясатташтырбашыбыз керек. Биринчиден, алардын баш кошкондугунун жыйынтыгы-балдар ортосундагы мамиле. Балдар үйлөнгөнгө чейин, алар бири-бирин эч билген эмес. Эми болсо, качан Памир Асанов ички иштер министринин орун басары болгондо, негедир, бардыгы бул маселени көтөрүп жатышат. 

 ИИМден, ошондой эле, Памир Асанов СССР мезгилинен бери ички иштер органдарында, тагыраак айтканда 1986-жылдан бери кызмат кылып келе жаткандыгын баса белгилешти. 

фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх