Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сапар Исаковду ооруканада туалетке башын шалы жоолук менен чулгап алып барышат»  

Мурдагы премьердин жактоочусу, ал коргогон жаран учурда жеринде олтура да, тура да албай жаткандыгын кабарлады.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, аны эч ким тааныбасын деген таризде, ооруканада туалетке башын шалы жоолук менен ороп алып барып жатышат. Бул тууралу @Baikezavr деген никти колдонгон колдонуучу Твиттер социалдык түйүнүндөн билдирди. 

Буга байланыштуу Vesti.kg сайты, министрлер кабинетинин мурдагы башчысынын кызыкчылыктарын коргогон, анын жактоочусу Нурбек Токтакуновго кайрылды. 

-  Башын чүмкөдү деген шалы жоолук тууралу мен түйүндөн билдим, - деп жооп берди юрист. -Эгер ошондой деп жатышса, анда ошондой эле болушу керек. Учурда анын ден-соолугу жакшы эмес. Ден-соолук абалына байланыштуу Сапар Жумакадырович азыр өзүнчө олтура да, тура да албай жатат. 

Андан тышкары, Токтакунов бүгүн врачтардын консилиуму өткөндүгун жана Исаковдун толук текшерүүдөн өтө тургандыгын маалымдады.

 Өз кезегинде туугандары да шалы жоолук тууралу маалыматтар чындык болушу мүмкүн деп боолголошот. 

-Мүмкүн, муну аны элдердин тааныбашы үчүн жасап жатышкандыр, ошондой эле, учурда анын начар ден-соолук абалына да карап жасап жатышкандыр - деп кабарлашты Vesti.kg сайтына туугандары.

УКМКнын маалымат кызматы комментарийлер үчүн жеткиликсиз болуп жатат. 

 Сапар Исаков Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүндө 2019-жылдын 16-августунан бери төмөндөгү клиникалык диагноз менен стационардык дарыланууда болууда: артериалдык системанын вертебро-базелярдык бассейниндеги жетишпестик синдрому (баш ооруга, баш айланганга алып келе турган моюн кан тамырларынын сыгылышы), омуртканын моюн бөлүгүндөгү остеохондроз. 

Текшерүүдөн кийин №1 неврология бөлүмүнүн башчысы Чоро Токтомушевдин, №2 неврология бөлүмүн башчысы Нурлан Оморовдун жана №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаевдин катышуусу менен консилиум болду. Консилиумдун жыйынтыгы менен Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүндө стационардык дарылоо менен байкоо жүргүзүү сунушталды. 

Врачтардын айтымында, магниттик-резонанстык томографияда инсультка байланышкан маалыматтар жок.

Гулиза Чудубаева

фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх