Кайсы учурларда Садыр Жапаров уулунун жаназасына катыша алат, ЖАМКтан жооп беришти
Камактагы мурдагы депутаттын жактоочусу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына тийиштүү суранычын жөнөткөн, бирок, азырынча ал жакта катты алыша элек
Садыр Жапаровдун жактоочусу, Шарабидин Токтосунов, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына ал жактаган адамдын уулунун жаназасына катышуу үчүн тийиштүү суранычын жөнөткөн. Бул тууралу Vesti.kg сайтына, ЖАМКтын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекемеден, камактагылардын жакындары каза болгон учурларда өтүнүч тездетилип караларын айтышты.
- Садыр Жапаровдун жактоочусу өтүнүч катын жөнөткөнүн бизге айтты, бирок, ал өтүнүч кат али түшө элек, - деп түшүндүруштү ЖАМКтан. - Мыйзам боюнча уулунун жаназасына катышуу өтүнүчү тездетилген тартипте каралат. Ошол эле учурда камактагы адамга коюлган берене, жүрүш-турушу, кармоо режими эске алынат.
Эске салабыз, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу жол транспорт кырсыгынын кесепетинен каза тапкан. Жактоочу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, Дастан Садыр уулу мурда эле, 23-августа аварияга тушуккан. 4-шаардык ооруканда үч күн бою комада жаткан. Бүгүн, комадан чыкпай, ал каза болгон.
Гулиза Чудубаева
фото www