Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Жогорку Кеңештеги орун акчага келери тууралу Бекешовдун  сөздөрүн четке кагышкан жок 

«Мага жеткен маалыматтарга караганда, алардын кээ бирлери миллион долларга чейин акча төлөшкөн» 

Депутаттыкка талапкерлер шайлоо алдындагы кампанияда чоң суммадагы каражатттарды коротушат, эреже катары бул каражаттар, үгүт иштерине жумшалат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып берди. 

- Кресло үчүн төлөш керек деген көптөгөн сөздөр жүрөт, чындыгында ал акчаны кимдир-бирөөнүн колуна карматышпайт, ал акчалар, эреже катары, үгүт иштерине жумшалат, - деп түшүндүрдү ал. - Ар бир талапкер өзүнүн округунда кампания жүргүзөт. Эгер сумма тууралу айтсак, сөз бир канча миң долларлар жөнүндө болушу мүмкүн. Ал жерде ким эмнеге бай, бардыгында жеке эсеби болот.

Башка депутат, Евгения Строкова, Vesti.kg сайтына, партиялык тизмеге түшүү үчүн талапкерлер акча төлөшөрү тууралу бир канча жолу уктум деди. 

- Мен өзүм төлөгөн жокмун, бирок, ким Жогорку Кеңешке акчанын аркасы менен келгендигин билемин, - деп ишендирди ал. - Бирок, мага канча акча төлөй тургандыктары белгилүү эмес. Дагы, тизмедеги так орун үчүн да төлөшө тургандыктарын билемин. 

Ал арада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков, парламентке кирүүнү каалагандар аз эмес сандагы акчаны мандат үчүн берише тургандыктарын тез-тезден угуп турамын дейт. 

- Эреже катары, элдер муну базардагы ушактардын катарында талкуулашат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Бирок, кайсы партия менен шайлоого чыкса, ал партиядагылардын баары чыгарган акча чогултулган, ар бир партиянын өздөрүнүн кассасы бар. Эч кимге жашыруун деле эмес, Жогорку Кеңешке олигархтар менен алардын туугандары келишкен. мага чейин жеткен маалыматтарга караганда, алардын кээ бирлери миллион долларга чеийн төлөшкөн. 

Туратбек Мадылбекович, так ошолордун айынан биздин парламент чыныгы көйгөйлөрдү чече албай келишет деп кошумчалады. 

- Кээ бир депутаттар өлкөнүн маанилүү көйгөйлөрүн чечүүнү билишет, -деп айтты ал. - Келерки парламенттик шайлоолордо экономиканы кантип көтөрүүнү билген адамдар келет деген ишенич тутуп турамын. Эгерде ошондойлор парламенттин 80% түзүшсө, биздин өлкөбүздө аябай чоң өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот.

Түшүндүрүп кетсек, «Спутник» агентствосуна берген интервьюсунда депутат Дастан Бекешов, парламентке киремин дегендер партиялык тизмедеги орун үчүн төлөгөнгө мажбур болушат айткан. 

«Менин оюмча, биринчи ондукка кирүү үчүн 300 миң доллардан кем эмес акча төлөө керек. А эң жогору болуу үчүн талапкердин мүмкүнчүлүктөрүнө карашат. Эгер талапкердин завод-фабрикалары бар болсо, баа ошончолук жогорулайт. Андан тышкары,  коомчулукка тааныла элек талапкерден, мисалга. миллионго чейин каражат талап кылышат». - деп кошумчалады Бекешев. 

Вероника Малышева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх