Өмүрбек Бабанов кайрадан ЭКККМКна суракка чакырылды
«Финполдо» аны бүгүн түшкү маалда күтүп жатышат
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановду кайрадан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын тарапташтары кабарлашты.
Белгилүү болгондой, «Финполиция» «Кыргызстан» АКБ менен байланышкан иш боюнча суракты, түшкү маалда улантат.
Эске салсак, Бабановду буга чейин «Финполго» чакырышкан. ЭКККМКнын кызматкерлери андан эмне тууралу сурашканын, маалыматты жайылтпоо тууралу кол коюп бепгендиктен, ал айтып бере алган эмес.
Президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 9-августа кайтып келген.
Гулиза Чудубаева
фото www