Атамбаевдин жан сакчысы өзүнүн кесиптеши менен көзмө-көз жолугушууга катышат
Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасына чакырышты
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасына чакырышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.
- Мен жактап жаткан Канат Сагымбаев 14:00 Аскер прокуратурасына чакырылган, - деди Жоошев. - Тергөө органдарынын 7-8-августагы окуялар боюнча суроолору бар.
Жактоочу түшундүргөндөй, мурдагы президенттин жан сакчысын анын кесиптеши менен көзмө-көз жолуктуруу үчүн чакырышкан.
Эсиниздерге салабыз, Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынган. Ага паракорчулук, укук коргоо органдарына карата күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу жана массалык тартип бузуулар боюнча айып тагылган.
Эльдос Казыбеков
Фото www