Садыр Жапаровду уулунун жаназасына бошотушат
Бүгүн ЖАМК ушундай чечим кабыл алды
Кыргызстандын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кмактагы Садыр Жапаровдун жактоочусунун анын уулунун жаназасына катышууга уруксат берүү тууралу өтүнүчун карады. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ЖАМКтын маалымат кызматынан билдиришти.
Мекемеден, ага уулуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга мүмкүнчүлүк берилет деп айтышты.
- Кылмыш-аткаруу системасы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү гуманизм принциптеринен улам, ЖАМКта Садыр Жапаровдун өкүлдөрүнүн өтүнүчү туура
түшүнүү менен кабыл алынып, жооп катары чечим кабыл алынды, - деп түшүндүрүштү маалымат кызматынан.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун уулу автожол кырсыгынан каза болгон. Жактоочу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, Дастан
Садыр уулу 22-августа автоаварияга туш болгон. Аны 4-шаардык ооруканага жаткырышып, ал жерде үч күн комада жаткан. Кечээ комадан чыкпай, ал жаш жигит
каза болгон.
Гулиза Чудубаева
фото www