БШКнын мүчөсү: Эгер Текебаев күнөөсүз деп табылса, ага мандатын кайтарып бериши керек
Мурдагы депутаттын ишин кайра кароо ушул жумада башталышы керек. Ага баш коргоо чарасын өзгөртүшү мүмкүн
Эгерде мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши кайрадан каралып, сот анын күнөөсү жоктугу тууралу чечим кабыл алса, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына мандатты кайтарып берүү маселеси чыгат. Бул тууралу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Vesti.kg сайтына айтып берди.
- Толук мүмкүн, эгер адамды мыйзамсыз саясий укуктарынан ажыратышса, анда соттун чечиминен кийин, анын укуктары кайра ордуна коюлушу керек, - деп түшүндүрдү ал. - Эгер сот Текебаевди күнөөсүз деп тапса, анда анын депутаттык мандатын кайтарып бериши керек.
Аны менен бирге Гүлнара Курашбековна, эгер иш ушундай чечилип калса, Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген депутат, парламенттен кетиши керек болот деп кошумчалады.
- Мындай окуялар Боршайкомдо мурда да болгон, - деп эске салды ал.
Түшүндүрүп кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек текебаевдин ишин ушул жумадан баштап кайра карай баштайт. Саясатчынын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова журналистерге билдиргендей, мүмкүн, жакынкы сот жыйынында текебаевдин баш коргоо чарасы кайра каралат.
Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты, Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо үчүн жөнөткөн.
Вероника Малышева
Фото www