«Финполдо» Өмүрбек Бабановдун сурагын кийинки күнгө жылдырышты
Президенттикке мурдагы талапкер тергөөчү менен аңгемелешүүгө төртүнчү күнү келиши керек
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматындагы бүгүнкүгө дайындалган сурак болбой калды. Бул тууралу Vesti.kg сайтына саясатчынын тарапташтары билдиришти.
Бирок, белгилүү болгондой, Бабановду ЭКККМКында ушул жылдын 29-августунда кайрадан күтүшөт. Ага «Кыргызстан» АКБы менен байланышкан суроолорду берүүнү улантышат.
Эсиңиздерге салабыз, Бабановду «Финполго» мурда да чакырышкан. ЭКККМКнын кызматкерлери ага кандай суроолорду беришкендигин, ал жалпыга жайылтпоо тууралу кол коюп бергендигинен тактаган эмес.
Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 9-августа кайтып келген.
Гулиза Чудубаева
фото www