Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун инфаркт алдындагы абалы боюнча жактоочусу чечмелеп берди 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары  азыркы учурда үйүндө 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдо инфаркт коркунучу жок. Бул тууралу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов Vesti.kg сайтына кабарлады.

Юристин айтымында, анын жүрөгүндө оору бар деген ушактар туура эмес. 

- Бардык эле адамдарда болгондой, анда деле кээ бир хроникалык оорулары бар, - деди Айткулов. - Бирок, жашоосуна эч кандай коркунуч жок. 

Белгилеп кетсек, Түйүндө Курсан Асановдо инфаркт коркунучу бар деген малыматтар таркатылган, ошондуктан ага биринин артынан кийинки тез жардам чакыртылып жатат, ал врачтардын көзөмөлүндө болууда. 

Эске салабыз, 8-августа Курсан Асанов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана аны үйүнөн көчөгө алып чыккан, андан кийин аларды ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев тосуп алган.

13-августа Асановду «ишенимден чыкты» жана «кыргыз милициясына чыккынчылык кылгандыгы үчүн»  кызматтан кетиришкен. 14-августа аны Аскер прокуратурасына суракка чакырышкан.

Гулиза Чудубаева

фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх