Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун жактоочусу  врачтардын консилиумунда УКМКнын кызматкеринин катышкандыгына ачууланды 

Врачтар, мурдагы премьердин мындан ары да ооруканада калганы кайра жакшы болот деп чечишти 

Сапар Исаковдун кызыкчылыктарын коргогон жактоочу Нурбек Токтакуновду, ал жактаган адамдын изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча өтүп жаткан врачтардын консилиумуна киргизбей коюшту. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ал өзү кабарлады. 

Андан тышкары, Токтакунов врачтардын консилиумунда эмнеге УКМКнын өкүлү катышып жаткандыгын түшүнбөгөнүн белгиледи.

- Азыр Исаковдун тергөө абагындагы шарттарда коопсуздук маселеси чечилүүдө жана анын соттук процессте катышкандагы коопсуздугу маселе болууда, - деди жактоочу. Алардын саясатка, ЖПКга жана башкаларга түкүрүп коюшкан. Мен УКМКнын өкүлү ошол жакта дешкенин укканымда ал жакка киргенге катуу аракет жасадым. УКМК эмне кылып жүрөт? Врачтар өздөрү бул маселени талкуулашы керек эле. 

Токтакуновдун оюнда, УКМКнын кызматкери врачтардын  талкуулоо маалында «унутуп калбашы» үчүн ал катышып жатат дейт.

- Мүмкүн, ал жерде врачтар унутпаш үчүн олтурат, - деп эсептейт жактоочу. Башкаруучу күчтөргө мүмкүн болушунча эртерээк бул ишти бүткөрүшү зарыл. Сапар исаковдун ден-соолугу аларды кызыктырбайт. Эгерде консилиумда УКМКнын кызматкери катышып жатса, медиктердин үстүндө кылыч менен коркутуу болуп жатса, анда мен да врачтардын талкуусуна катышайын дедим.

Материал жарыяланып жаткан мезгилде белгилүү болгондой, консилиумдун жыйынтыктары боюнча Исаковду ооруканада калтыруу чечилген. Ага кошумча изилдөөлөр дайындалган. 

Сапар Исаков Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүндө стационардык дарыланууда 2019-жылдын 16-августунан бери төмөндөгү клиникалык диагноз менен:артериалдык системанын вертебро-базелярдык бассейниндеги жетишпестик синдрому (баш ооруга, баш айланганга алып келе турган моюн кан тамырларынын сыгылышы), омуртканын моюн бөлүгүндөгү остеохондроз менен жатат.

 Текшерүүдөн кийин №1 неврология бөлүмүнүн башчысы Чоро Токтомушевдин, №2 неврология бөлүмүн башчысы Нурлан Оморовдун жана №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаевдин катышуусу менен консилиум болду. Консилиумдун жыйынтыгы менен Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүндө стационардык дарылоо менен байкоо жүргүзүү сунушталган.

Врачтардын айтымында, магниттик-резонанстык томографияда инсультка байланышкан маалыматтар жок.

Эльдос Казыбеков

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх