Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Айланма жолго акы төлөмдөрүн киргизүү каршылык акцияларын пайда кылуу коркунучунда» 

Эксперттер, мамлекет насыяларды төлөшү үчүн, трассаны колдонууда кыргызстандыктар акы төлөшү керек деп ойлошот  

Транспорт жана жолдор министрлигинин Чүй облусундагы айланма жолду акы төлөнгөн жолго айландыруу тууралу  чечими - негизделген, бирок, ал жарандардын нараазычылыгы менен каршылык акцияларына түртөт. Ушундай пикири менен транспорт тармагындагы эксперт Марат Мусуралиев Vesti.kg сайты менен бөлүштү. 

- Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард доллардын тегерегиндеги сумманы түздү, анын үчтөн бир бөлүгү жолдорду реконструкциялоого жумшалган, - деп эске салды ал. - Биздин өлкөдө аба - ырайынын туруксуз шарттарына байланыштуу жол катмары 15 жылдан ашык пайдаланууга жетет, ал эми насыяларды жабуу 30 жылга эсептелген. Ошондуктан, биз өзүбүзгө бекер жолду колдоно албайбыз. 

Мусуралиев, коңшу өлкөлөрдө да кээ бир жолдорго акы төлөнүп иштетилет деп айтты. 

- Алгачкылардан болуп мындай чаралар Тажикстанда колдонула баштады, кийинчерээк Белорусия менен Орусия жолду пайдаланууда акча чогулта баштаган, - деп белгиледи ал. - Орусияда, айтып кетсем, жолго акча төлөө киргизилгенде каршылык акциялары болуп өткөн, мунун баары кээ бир автоташуучулар легалдуу эмес иш жүргузүшкөн, бирок, андан кийин алар ачыкка чыгышкан. Ошол эле учурда Орусияда жүктүн 40 пайызы автомобиль транспорту менен ташылат -  жүк ташуунун темир жолу менен дагы ташуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстандагы жүк ташуучулардын иш таштоосу коллапска айланып кетиши мүмкүн. 

Эксперт, Минтранска, жүк ташуучулардын «көлөкөдөн» чыгышы менен жолдорго акы төлөөнү киргизүү тууралу ойлонушу керектигин болжолдойт.

- Биздин айдоочулардын чатында өз иштерин аткарып алышы үчүн кээ бирөөлөрдүн убактылуу патент берип турушун суранган билдирүүлөр көп, - деп айтты ал. - Бул биздеги ачыкка чыкпаган жүк ташуучулардын көп экендигине байланыштуу, алар болсо салык төлөгөндөн качышат. Орусияда болсо бул көйгөйдү жөнөкөй эле чечип коюшту - патент менен иштегенди алып салышып, жеке ишкердикке уруксат берип коюшту. Баарынан да, жеке ачыкта иштебеген жүк ташуучуларга мындай нерсе жакпаса керек. Керек болсо, каршылык акциялары да болушу мүмкүн.

Өз кезегинде КР жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев, акы төлөнгөн жолдор - акчаны ашыкча топтоо деп белгиледи.  

- Кыргызстанга чоң насыяларды төлөбөш керек деп түшүнбөш керек, ошондуктан, кээ бир жолдорго акы төлөмдөрүн киргизүү зарыл, - деди ал Vesti.kg сайты менен сүйлөшүп жатып. - Бирок, жолго акы алгандан алдың, автомобилистер үчүн тийиштүү шарттарды түзүү керек. Же болбосо, акы төлөгөн жолдордо идеалдуу полотно болушу, жол кыймылынын коопсуз уюштурулушу зарыл: бетон бөлүштүргүчтөр, бир тараптуу ажыраткычтар жана башкалар. Эмне үчүн төлөп жатканыбызды, биз сурай тургандай болушубуз керек.

Темирбек Мусаевич, жол акысын төлөө үчүн негизги шарт болуп, акы төлөнбөй турган алтернативалуу жолдун болушу керек  экендигин белгиледи.   

- Андай болбосо, акы төлөөнү каалабаган жарандардын укугу бузулат, - деп жыйынтыктады ал. 

Түшүндүрсөк, Транспорт жана жолдор министрлиги Чүй  облусундагы айланма жолду акы төлөй турган жол кылабыз деп сунуштап жатышат.

Мекеменин башчысы  Жанат Бейшенов журналистерге, акы төлөнүүчү жолдор тууралу мыйзам, мамлекеттик органдар менен макулдашылып жана өкмөттун аппаратына кароого киргизилгенин айтты. 

Пилоттук долбоордун сыпатында Транспорт жана жолдор министрлиги 73 км айланма жолду (Алма-Ата көсөсүнөн баштап Чым-Коргон айылына чейин) акы төлөө негизине которууну сунуштайт. 

Пилоттук долбоордун техника - экономикалык негиздемеси 2020-жылда башталат. 

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх